ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу Махабатым арманым (0) lyrics

Махабатым арманым lyrics

ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу

0
0

Share:


Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайдым сени көрбөй көпкө көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.

[Кайырма]
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.

Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга бирок мүмкүн эмес.

[Кайырма]

Түгөнгүм келет менин күйүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айла күтүп-күтүп.
Кагазды өрттөсөң да күлү калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.

[Кайырма]







GM

Added Lyrics

03.07.2016


shinline.kz