Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков Ыйлабачы (0) lyrics

Share:


Деңиздей терең көздөрүңдү жашка чайкап,
Телмирген каректериң эмнени айтат,
Кайгыдан бүтпөгөн, кабагың бүркөлгөн, өксүүдөн.

Оролуп сени курчаган ойго тунарып,
Жандүйнөңдү каптап алган мунарык.
Кылгырып жаш төгүп,
Кусалыка чөгүп ыйладың.

[Кайырма]
Ыйлабачы, ыйлабачы тураман ара жолдо,
Муңканбачы, сыр салбачы тагдырым башка колдо.
Ыйлабачы, ыйлабачы күлкүңдү жүрөмүн эңсеп,
Көз жашың жүрөктү эзет.

Кантейли махабаттын жолу кыйын,
Алсырап тыйалбадым арман ыйын.
Сен деп жүргөндөрдү,
Сени сүйгөндөрдү, каалабай.

Мончоктоп ак жүзүңдөм ылдый көздөй акты жашым,
Соолудум, сорото албай ойго баттым.
Жамгырдай төгүлүп, жандүйнөң бөлүнүп сыздадым








GM

Added Lyrics

03.07.2016


shinline.kz