Жоопсуз сүйүү Сүйүн Малабаев

2016

0
0

Share:


Lyrics



Жолдоруңа термелип,
Өтөт узун жылдарым.
Жалгандарга алданып,
Өтө берет өмүрүм.
Күндөрүм өтөт кайрылбай,
Багыты жок шамалдай.

Кайырма:
Ушулбу бир келген сүйүү?
Ушулбу бир келген жашоо?
Сен үчүн жаралган сүйүү,
Ала албаса сенден жооп.
Кайда ал мен билген сүйүү?
Кайда эми биздин ал махабат?
Каректе жаралган эле,
Кала берди жомок сымал.

Биле албадым эмнеге,
Же жаңылдыбы, жаздыбы.
Балким сүйүү артынан,
Буздумбу тагдырымды?
Өзүмдү жалгыз кайрылгыс,
Сүйүүмдү күнөөлөдүм.



Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

21.02.2016
Music Videos
Сүйүн Малабаев
Жоопсуз сүйүү