Съездбек Искеналиев Кеттиң кайда? (0) lyrics

Кеттиң кайда? lyrics

Съездбек Искеналиев

0
0

Share:

lamoda kz

Сагындырып, жалындырып,
Жолугууга камындырып.
Жомок болуп кезиктиң да,
Кеттиң жолдон жаңылдырып.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.

[Кайырма]
Мас кылдырып, соолуктуруп,
Махабатка оолуктуруп.
Ажырадым акылымдан,
Акыл-эстүү болуп туруп.

Келем аны жыйнай албай,
Кеттиң жалгыз, калдым сагалай.
Убал жоктур ушу мага,
Уйпаладың өчүң бардай.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.

[Кайырма]






GM

Added Lyrics

03.07.2016