Съездбек Искеналиев Касиеттүү Кара-Кочкорум (0) lyrics

Касиеттүү Кара-Кочкорум lyrics

Съездбек Искеналиев

0
0

Share:

lamoda kz

Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер,
Киндик каным көздүн жашын төккөн жер.
Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы,
Эркелетип эң биринчи өпкөн жер.

Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү,
Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди.
Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн,
Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү.

Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн.
Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң.
Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң,
Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү.

Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык,
Жигит болдум эртели-кеч таранып,
Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип,
Куттуу таңдар ата берди агарып.






GM

Added Lyrics

03.07.2016