Жетемин баарына lyrics

Самат Эркинбеков

0
0

Share:


Жөө жүргөндү билсең,
Өмүр сүрө билсең,
Кадамың кантип эле
Оюн салбасын.
Күлүккө минбеймин,
Поездде жүрбөймүн.
Учакта учпасам да,
Буттар талбасын.
Баары алыс эмес жанымда,
Жетем, мен жетемин баарына.

[Кайырма]
Баладай-дай-дай,
Таң калып жүрөм шаарында.
Жүрөк дүрс, дүрс, дүрс, дүрсүлдөп кагууда .
Баарына на-на-на саламым,
Айтам эми мен.
Чоңойгом айылда,
Жетемин баарына.

Жөө жүрөм жакшы эле,
Түшпөймүн таксиге,
Пайдалуу ден соолукка
Басып кетемин.
Кадамды уласам,
Кыбырап кыр ашам.
Ашыккан бакытымды,
Кууп жетемин.
Баары алыс эмес жанымда,
Жетем, мен жетемин баарына.

[Кайырма]
Самат Эркинбеков, Жетемин баарына lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

24.11.2017