Самат Дөөлөтбаков Ишенүү (2015) lyrics

Ишенүү lyrics

Самат Дөөлөтбаков

2015

0
0

Share:


Тагдырга ишен, талыкпай кыл аракет,
Ошондо сага тагдыр өзү ишенет.
Өзүңө ишен, колуңдан баары келет,
Ошондо сени курчайт береке.
Элибиз аман болсун деп,
Жерибиз эсен болсун деп,
Ишен, колуңдан баары келет.
Жөн отурбастан, эмгектен,
Жаштарга болуп үлгү сен,
Ишен, аракет жеңет.



Кайырма:
Жан элим, ишенем сага,
Жан жерим, ишенем сага.

Ата мекенге ишен,
Кандан чыккан бул жериң.
Убактың келер,
Тиет сенин керегиң.
Жаратканга ишен,
Жакшы-жаман пендебиз,
Бейишке ыйман жолу менен кирербиз.
Элибиз аман болсун деп,
Жерибиз эсен болсун деп,
Ишен, колуңдан баары келет.
Жөн отурбастан, эмгектен,
Жаштарга болуп үлгү сен,
Ишен, аракет жеңет.

Кайырма:
Жан элим, ишенем сага,
Жан жерим, ишенем сага.

Смотреть клип Самат Дөөлөтбаков "Ишенүү"











GM

Added Lyrics

15.02.2016