Сүрөтүң берчи мага lyrics

Самара Сабирова

0
0

Share:


Үмүттөр суудай агып,
Тызылдап жүрөктөрүм сайышып.
Кыйын экен коштошуу,
Кайыр деп колдон колдор алышып.
Жаштыктын сүйүү элесин,
Калтыруу кыйын экен жүрөккө.
Таалайдын гүлүн жыттап,
Тартылсак атаганат сүрөткө.

[Кайырма]
Сүрөтүң берчи мага,
Сени менен ак кагазга өтүнөм.
Сагынганда сагынчым,
Элесиңди эселеп көрөйүн.
Сүрөтүң берчи мага,
Болбосом да түбөлүк түгөйүң,
Кайгы-муңга чөккөндө,
Ак кагаздан ажарың көрөйүн.

Айтканыма муңайып сен таарынба,
Эч качан чабылба.
Жете албай сен баркыма,
Түбөлүк сен түйшөлүп сагынба.
Күйгөнүм өкүм болуп, түтө албаймын,
Эч качан күтө албайм.
Эркелеп сени менен,
Түбөлүк боло албайм, мен боло албайм.

[Кайырма]
Самара Сабирова, Сүрөтүң берчи мага lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016