Жоогазын ыры lyrics

Салима Балтаева

0
0

Share:


Жолумдан тосуп сүйгөнүм келет,

Жоогазын болуп гүлдөгүм келет.

Жомокту айтып ырдагым келет,

Жоогазын терип жыргагым келет.



Көк кашка сууну бойлогум келет,

Көпөлөк болуп ойногум келет.

Көк кушуң болуп сайрагым келет,

Көп жылдыз болуп жайнагым келет.



Жоогазын жытын жыттагым келет,

Жаныңа жатып уктагым келет.

Жанымды, жаным, өзүңө арнап,

Жашоону сүйүп, даңктагым келет.


Салима Балтаева, Жоогазын ыры lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016