Жанымда дагы бир аз отуруңуз lyrics

Сайкал Садыбакасова

0
0

Share:


Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз,
Сезимде махабатты ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

[Кайырма]
Жүрөгүм ичим тыз-тыз
Сезимди ойготтуңуз
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз назик экен көздөрүңүз.
Суктанып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү, сөздөрүбүз.

[Кайырма]

Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылытып ошол оттун илебине,.
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Сайкал Садыбакасова, Жанымда дагы бир аз отуруңуз lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016