Эстей жүр lyrics

Сайкал Садыбакасова

0
0

Share:


Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.

Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы,
Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы,
Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн.
Бул ырды, бул ырды, бул ырды,
Сени сүйгөн бир кыз жазды.

Кош эми кош болгунуң, бактылуу бол,
Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол.
Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн деген сөз бар,
Мага да, мага да, мага да табылар го өмүрлүк жар.
А мен болсо жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.

Сайкал Садыбакасова, Эстей жүр lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Нурматова Таттыбубу

04 2017

эн сонун ыр Сайкал эже

GM

Added Lyrics

03.07.2016