Бала чагым lyrics

Сайкал Садыбакасова

0
0

Share:


Бардык адам бала болгон,
Балалыкты эстейли.
Таза жүрүп кыт-кыт күлгөн,
Балалыктын элеси.

[Кайырма]
Бала чагым өттү-кетти,
Кайрылбас ал эч качан.
Жүрөктөргө толду го,
Сагынычтар сыздаган.
Келечекти элестетип,
Бирге отурган партада,
Курбуларым, келгиле,
Чогулалы мектепке.

Мезгилдердей кубалашып,
Билим алдык күнү-түн.
Алма бактуу мектебибиз,
Алтын сарай биз үчүн.

[Кайырма]

Балалыкты эске алып,
Чогулалы, курбулар.
Урмат-сыйга бөлөнүшсүн,
Эжекелер, агайлар. Маалыматты өзгөртүү
Сайкал Садыбакасова, Бала чагым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Aikamal Rysbekova

23 2016

xorosho

Aikamal Rysbekova

23 2016

баары жакшы экен

GM

Added Lyrics

03.07.2016