Үйүңүзгө болом шам lyrics

Райкан Абдувалиева

0
0

Share:


Өткөнүмдү эске салбастан,
Өктөм сүйлөп өчүн албастан.
Өксүтпөстөн ардактасаңыз,
Өмүр бою болом сизге шам.

Кыялыма кишен салбастан,
Көңүлдөргө, шекке албастан.
Кең пейилдүү, кенен болсоңуз,
Күн өткүчө болом сизге шам.

Үмүтүмдү сизге арнасам,
Күйүт тартып сизге жандасам.
Үшкүрбөңүз ушак сөздөргө,
Үйүңүзгө болом жанган шам.

Өмүр бою болом сизге шам,
Кыяматтык болом сизге шам,
Үйүңүзгө болом сизге шам.

Райкан Абдувалиева, Үйүңүзгө болом шам lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016