Сүйкүм элес lyrics

Райкан Абдувалиева

0
0

Share:


Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.

Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.

Райкан Абдувалиева, Сүйкүм элес lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016