Бозойго lyrics

Райкан Абдувалиева

0
0

Share:


Кырманда кызыл мен болсом,
Кыраңдан соккон жел болсоң.
Айрылгыс болуп экөөбүз,
Тагдырда дайым бир кошкон.


Жайлоодо жашыл көл болсоң,
Жайкысын чалкып сен толсоң.
Ак куу бир болуп кылактап,
Жашынып барып мен консом.

Ак жамгыр болсоң жаздагы,
Мен болсом алча шактагы.
Салкынга бышсам кызарып,
Сен үзсөң ошол алчаны.

Райкан Абдувалиева, Бозойго lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016