Сени көрүп мен өзгөрдүм lyrics

Нурмат Садыров

0
0

Share:


Кол жетпеген көктөгү,
Көздөрүңдүн көркөмү.
Кыялдарым дайым жарышта,
Ай да нурун төккөнү,
Ак булутту өпкөнү,
Бийик учам сага барышка.

[Кайырма]
Гүлүм, сага көңүлүм сенде гана,
Кызганып турат кабагың түйүп мага.
Жайна-жайна, ачылып гүлдөй жайна,
Сүйүп баратат жүрөгүм сени гана.

Өзүң болдуң эргиткен,
Таңдан кечке ээрчиткен.
Жан дүйнөмө сүйүү тартуулай,
Балдай ширин сөздөрүң
Эриндериң, көздөрүң
Сени көрүп мен да өзгөрдүм.

[Кайырма]
Нурмат Садыров, Сени көрүп мен өзгөрдүм lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016