Сардал кыз lyrics

Нурмат Садыров

0
0

Share:


Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бере албадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.

Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.

Көк өгүздү кубалап мен,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.

Кашка сулуу булактан,
Суу аласың, Сардал кыз.
Карала да моюн катардай,
Чубаласың, Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардайл кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.
Нурмат Садыров, Сардал кыз lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Адилет Абдыкадыров

13 2017

Абдан соонун создор экен

girl kyrgyz

29 2017

маладцы разработчиктер ишинерге ийгили мындан ары онуго бергиле

ЖаНыЛ

06 2017

соонун ыр болуптур

Валерия

16 2017

Соонун прогаммаго

Admin

Added Lyrics

27.07.2017