Кыргыз кыздары lyrics

Нурмат Садыров

0
0

Share:


Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,
"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың.
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.

[Кайырма]
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес,
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.

Каректери таң сыяктуу атса кылайып,
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,
Кыргыздын бир кызы мага ылайык...

[Кайырма]


Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,
Апама алпарып келин кылайын.

[Кайырма]
Нурмат Садыров, Кыргыз кыздары lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

аа

04 2017

канжар

айко

29 2017

сонун соз жок Нурмат байке биз сиз мененбиз

Адилет

20 2017

ырынызга соз жок

Anonymous

02 2018

маладец аррллл

Admin

Added Lyrics

02.02.2017