Нурлан Насип Жаштык кез (2015) lyrics

Жаштык кез lyrics

Нурлан Насип

2015

0
0

Share:


Учурбай жаштык кезди,
Убагында пайдалан.
Өкүнүп сен калбайсың,
Урматтап, ызааттасаң.
Өтпөсүн, эй, жаштык кез,
Кайгы, муң күндөр менен.
Өмүрүң өтөт-кетет,
Ойноп-күл чеги менен.

Кайырма:

Жалындап жаштык деми,
Жашоомдун шаңдуу кези.
Кайрылып кайра келбейт,
Жаштыктын таттуу кези.
Жалындап жаштык деми,
Жашоомдун шаңдуу кези.
Кайрылып кайра келбейт,
Жаштык кезим.

Жаштык кез сызып учат,
Алыстан колун булгап.
Артында изи калбай,
Булуттай калкып барат.
Билинбей кете берет,
Таң атып, кеч киргенде.
Кетсе да бизден алыс,
Калабыз аны эстеп.

Кайырма:






Comments

Nazgul

11 2016

mykty eken

Nazgul

11 2016

mykty eken

ай

11 2017

нурлан насип сиз мага жакпайсыз бирок ырыныз жагат

GM

Added Lyrics

10.02.2016