Lyrics
Жылдыздай жанып, жаркыраган,
Жаныңа мени тартып анан,
Жел сымал учуп жок болдуң жаным.
Жактырып айдай жамалыңды,
Жоготуп бирок кабарыңды,
Жалындап күйгөн от болдум жаным.
Айтчы азыр кайдасың?
Таппай жүрөк айласын.
Кайда, кайда, кайда?
[Кайырма:]
Саулем ай менин, сагындым мен,
Санаамдасың өзүң Сауле.
Сагыныч отуна багындым мен,
Самап келем сени дагы эле.
Көрсөтпөй сулуу ажарыңды,
Көбөйттүң ичте азабымды,
Көп жерден сени издеймин жаным.
Бараткан жолду жарык кылып,
Бактымды сага салыштырып,
Бир сенден үмүт үзбөймүн жаным.
Жүрөктөгү бир пери,
Мынча сүйгөнмүн сени,
Сени, сени, сени...
[Кайырма:]
Сөзү: Жылдызбек Турсунбаев
Обону: Нурлан Насип
Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).
ну
класс
эрке кыз деген ырынын текстинда киргизесинерби
hankelov
Xankelov
ысык кол деген ырынды киргизбейсинби