Менин да сүйүүм ушундай (New version) lyrics

Нурлан Насип

0
0

Share:


Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

[Кайырма]
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

[Кайырма]
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
Нурлан Насип, Менин да сүйүүм ушундай (New version) lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Бекжан

11 2017

эн сонун нурлан насип байке

talgar

21 2017

айбан ыр экен маладец

Бекжан

26 2017

эн сонун ыр

наргиза

22 2017

мага абдан жакты сонун

Admin

Added Lyrics

01.11.2017