Нурлан Насип Маякчы карындаш lyrics

Маякчы карындаш Нурлан Насип

0
0

Share:


Lyrics


Эх, карындаш, мени мынча кыйнадың?
Маяк берип, күнү-түнү тынбадың.
СМСтен сен сүйүүңдү мага арнап,
Чынбы-калппы түрдүү ырды жазасың.

Көргүм келет мен да сенин жамалың,
Телефон чалсам, кылыктанып, албайсың.
Табышмакты бекем катып сен мага,
Тартынасың, неге жообун айтпайсың?

[Кайырма]
Эх, карындаш, сырыңды сен катпа,
Маяк кылып ойго мени салба.
Эгер оюң мендик гана болсо,
Уяңсырап, кездешүүдөн качпа.

А, балким, сен мен жөнүндө биринчи,
Теле-радио, гезиттерден угуп, окуйсуң.
Кыялданып, ойго батып өзүнчө,
СМСтен ырларыңды мага жолдойсуң.

Сага жаздым мен да ушул ырымды,
Ыр түрүндө айттым сага сырымды.
Маяк бербей, телефондон түз сүйлөш,
Эх, маякчы карындашым, кылыктуу.

[Кайырма]




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Comments
куке
26 2017

классссс

куке
26 2017

классссс

роза
31 2017

нет я думаю это не класс с.

дина
30 2017

эн соонун нурлан байке мен сизди суйом чын журоктон

дина
30 2017

эн

Added

03.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz