Эмнеге? lyrics

Наргиза Айтемирова

0
0

Share:


Жылдыз түндө жайнаган,
Ай толуптур карасам.
Эсиңдеби ал кечтер,
Өчпөй булбул сайраган,
Ойго батып капыстан,
Эч себепсиз таарынган,
Жазылганча эркелеп
Таң сезилбей, ай баткан

[Кайырма]
Эсимде кетээрде,
Күткүн деп кеткенсиң.
Азгыртып, сагынтып,
Кайрылып келбедиң...
Эмнеге?...

Түшүнбөдүң, сезбедиң,
Мен күткөндө келбедиң
Билбептирмин, кечиргин,
Өчкөн экен сезимиң.
Алымсырам ардагым,
Көзүң кимди кыйбады.
Азгырылып эмнеге?
Сүйүүң менен алмаштың.

[Кайырма]

Өтөөр сүйүп жаштыгым,
Бирок өчөт арманым.
Ажырасам мен сенден,
Билем менин тагдырым.

[Кайырма]

Наргиза Айтемирова, Эмнеге? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016