Той, той lyrics

Кубик Калыков

2015

0
0

Share:


Той, той, той, той мына бүгүн той той
Казан, казан эт кайнар казак досум май чайнар
Казак кызга үйленмесен капа болом деп чыгар
Түзүк, түзүк деп күлсөм түркмөн досум деп жүрсөм
Түркмөн кызга мен үйлөнүп түгөй болом деп жүрсөм
Той, той, той, той мына бүгүн той, той
Ороо, ороо дан толсо орус досум нан болсо
Орок оргон жубайым орус кызынан болсо
Өзүм, өзүм дей берсе өзбек досум бир келсе
Өзүбүздөн өтөбү деп өзбек кызын берсе
Той, той, той, той мына бүгүн той, той
Уйгур досум лагманы лагмандардын балбаны
Уйгур кызга үйлөнөйүн үзүп, үзүп калганы
Кариз досум эт коёт капа болбо деп коёт
Кариз кыздын сулуулугунун дидарына ким тоёт
Той, той, той, той мына бүгүн той, той
Дунган досто сөз болбойт жумуш десең жөн койбойт
Дунган кызга үйлөнгөндөр өмүр бою кор болбойт
Кыр кырына көз жетпейт кырман толо сөз жетпейт
Кызыктырган дайыма кыргыз кызына жетпейт
Той, той, той, той мына бүгүн той, той
Кубик Калыков, Той, той lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

бактяир

16 2017

жакшы ыр ийгилик кубик байке

GM

Added Lyrics

16.02.2016