Жаралгандан баштап жарышат.
Жазы-кышы такыр тынбастан,
Жан талашып акча табышат.
Азгырылып баары, ою акчада,
Аз көрүнүп канча тапса да.
[Кайырма]
Акча, акча, акча болсо деле канча,
Ал ансайын жетпей келет баарына.
А мен үчүн акча мааниси жок анча,
Ата-энемден өткөн байлык жок мага.
Алдууларда сансыз байлык бар,
Айрымдары жарты нанга зар.
Акчалуулар бактылуу дешип,
Адашып келишет адамдар.
Азгырылып баары, ою акчада,
Аз көрүнүп канча тапса да.
[Кайырма]
Акча, акча, акча болсо деле канча,
Ал ансайын жетпей келет баарына.
А мен үчүн акча мааниси жок анча,
Ата-энемден өткөн байлык жок мага.
Иса Өмүркулов, Акча lyrics, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store