Жанымды кыйнабачы lyrics

Ильяз Абдыразаков

0
0

Share:


Карагат көздөрүңдү көргөндө кубанамын,
Көңүлүң алсамбы деп, күнүгө убарамын.
Кылчайып карап койчу,
Көңүлүм оорубасын.

Жүзүмдөй эриндериң жүрөгүм арбап алды,
Түндөрү уйку бербей, жүдөтүп, ойго салды.
Жарыгым, мендик болчу,
Жанымды кыйнабачы.

Керилип басканыңа көз артып, суктанамын,
Башкага ыраа көрбөй, өзүңдү кызганамын.
Өкүнтпөй мендик болчу,
Өмүрүм сага арнаймын.

Ильяз Абдыразаков, Жанымды кыйнабачы lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016