Ильяз Абдыразаков Таарынба (0) lyrics

Таарынба lyrics

Ильяз Абдыразаков

0
0

Share:


Гүлүм сунуп сени тандагам,
Жүрөгүмдү сага байлагам.
Эмне болду, такыр түшүнбөйм,
Жаңылдымбы тапкан бактымдан?

[Кайырма]
Ыраазымын сени көргөн бактыма,
Айтчы, жаным, неден жаздык тагдырга?
Түз баратып, эки жолго адаштык,
Кайгырба, мага таарынба!

Талкаланды ташка үмүтүм,
Муздай болуп, какшап жүрөмүн.
Кусалыкка денем жанчылып,
Ыйлагансып сыздайт жүрөгүм.

[Кайырма]







GM

Added Lyrics

04.07.2016