Кызганам (New version) lyrics

Ильяз Абдыразаков

0
0

Share:


Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.

[Кайырма]
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным
Мен сагынычта жашап жүрөм.

Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс,
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.

[Кайырма]
Ильяз Абдыразаков, Кызганам (New version) lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016