Бар бол, апаке lyrics

Ильяз Абдыразаков

0
0

Share:


Апамдын жумшак ак колу,
Алдейлеп уктаткан көп жолу.
Кайрылбас күндөргө жетелеген,
Апапак жоолугу.
Мээримдүүм, берекем апакем,
Каталык кетирсем кечирген.
Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн,
Эч качан ооруба сен.

[Кайырма]
Апакем, алтыным, картайба,
Кабатыр болуп сен кайгырба.
Жашоомо жылуулук берерим,
Бар болгун сен бактыма.

Дайыма төрүмдө сый көрүп,
Балаңа туура жол көрсөтүп.
Небере-чебере жетелеп сен,
Даалайга жаша күлүп.
Эркелеп дагы эле мен турам,
Жүрөктөн чыккан ыр сунам.
Алыстасам мени сагынарым,
Жолумду карап улам.
Ильяз Абдыразаков, Бар бол, апаке lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

02.03.2018