Балалыгым lyrics

Ильяз Абдыразаков

0
0

Share:


Аппак сүтүн энекемдин мен, кантип актайм?
Карбаластап берекемдин жытын таптайм.
Балалыгымды, кубанычымды,
Жүрөгүмдөгү сагынычымды,
Энекебайым кайтарып берчи, суранычымды.

[Кайырма]
Балалыгым айла барбы,
Колум жеткис жайда калды.
Аттиң артта балдай таттуу,
Кайталангыс күнүм калды.

Канат жайып турмуш жолунда, зымырап барам,
Өкүнүчтө балалыгымдын эшигин жабам.
Аластап салган, алтын энемдин,
Алдейи жаткан арча бешигим.
Терметип келем, термелип келем, жашоо бешигин.

[Кайырма]

Аластап салган, алтын энемдин,
Алдейи жаткан арча бешигим.
Элестеп келем, термелип келем, жашоо бешигин.


Ильяз Абдыразаков, Балалыгым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016