Мен баратам антымды актап, энеке lyrics

Гүлзинат Суранчиева

0
0

Share:


Агаргандай ак кар түшүп, берекем,
Ак жүзүңө кайдан түштү көлөкө?
Мезгилиңден эрте карып кеттиңби?
Мен баратам антымды актап, энекем, энекебай.

Белегиңди берген элең белекке,
Тирүүлүк бар, амансыңбы демекке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.

Калсаң керек бир өзүмдөн түңүлүп,
Каршы алдымдан чыгар кезиң бүлүнүп.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.

Мен баратам, мен тирүүмүн, энеке,
Мелт-калт болсун ак өргөөңөр, энеке.

Гүлзинат Суранчиева, Мен баратам антымды актап, энеке lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

02.07.2016