Асманда lyrics

Гүлзинат Суранчиева

0
0

Share:


Көлдөн чыкса сүзө албаган кайыктай,
Көлдөн чыкса жашай албайт балыктай.
Мен өзүңсүз элестетсем жашоомду,
Сен жок, жаным, какшып калган арыктай.

[Кайырма]

Асманда, асманда ай жалгыз,
А жерде, а жерде мен жалгыз.
Тагдырым, таалайым табамбы?
Айга окшоп мен жалгыз каламбы?

Учкан куштар сермелишет асманда,
Ырларыбыз кайкып учат ааламда.
Мен сен үчүн келген окшойм дүйнөгө,
Учуп бара жаткансыймын бассам да.

Кайырма

Гүлзинат Суранчиева, Асманда lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

02.07.2016