Гүлжигит Сатыбеков Мезгил барактары (0) lyrics

Мезгил барактары lyrics

Гүлжигит Сатыбеков

0
0

Share:


Турналар учуп өтсө, жаз келсе кайтып келер,
Жаштышгың өтүп кетсе, кайтарып кимге берер.
Толгонуп буулугамын бир собол жүрөк эзер,
Өмүрлөр өтүп кетер...

Негедир жылдан жылга, саамайлар агаргансыйт,
Жаштыгым жаздай эле, күз келип саргайгансыйт.
Өмүрдүн барактары бат-баттан айрылгансыйт,
Байгеде бараткансып...
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?

Билинбей мезгил менен, кошулуп агабызбы?
Анын да чеги болор жээгине барабызбы?
Убакыт токтой турчу, гул терип алайынчы,
Сагындым балалыкты...
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?






Comments

сабыр

17 2016

Жакшы ыр экен.

Абдылдпбек

26 2017

Жакшы мага жакты!

Арапбай Сатаров

05 2017

А балким ырынын казак кызга ырын тексин күтөбүз

Арапбай Сатаров

05 2017

А балким ырынын казак кызга ырын тексин күтөбүз

Жаңыл

04 2017

Суппер сонун ыр

GM

Added Lyrics

02.07.2016