Жүрөк ыйлайт lyrics

Гүлзат Байзакова

0
0

Share:


Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билгениң жок калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.

Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң, жаным, калдым өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.

Чырак өңдүү жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем кирпигимден нур жанып.
Андагы нур, ал кездеги күлкү жок,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.



Гүлзат Байзакова, Жүрөк ыйлайт lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

02.07.2016