Гүлсүн Бостонкулова Мага жолук (0) lyrics

Мага жолук lyrics

Гүлсүн Бостонкулова

0
0

Share:


Жүрөгүм эмнеге муздаган,
Жүрөгүм эмнеге сыздаган.
Жерден да, айдан да мен сени,
Кызганам, кызганамын, кызганам.

[Кайырма]
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.

Жел аргы желп этсе жамынам,
Жалынам теңирге, табынам.
Жалындап от болуп, алоолоп,
Сагынам, сагынамын, сагынам.

[Кайырма]

Күнөөсүз кыйналдым бүт өмүр,
Күбө бол бүт достор, бүт элим.
Күтөмүн үзүлбөй үмүтүм,
Күтөмүн, күтөмүн.






Admin

Corrected text

09.07.2016
Users

GM

Music Videos
Гүлсүн Бостонкулова
Мага жолук


shinline.kz