Жамгыр төктү (New version) lyrics

Гүлнур Сатылганова

0
0

Share:


Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.

[Кайырма]
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.

[Кайырма]

Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Гүлнур Сатылганова, Жамгыр төктү (New version) lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

01.06.2018