Ырдап жүр (New version) lyrics

Гүлнур Сатылганова

0
0

Share:


Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.

Күн нуру бизге төгүлду,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.

Жалбырак учат дирилдей,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.

Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Ардактап ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
Гүлнур Сатылганова, Ырдап жүр (New version) lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

01.06.2018