Гүлнур Асанова Жылкычынын ыры (0) lyrics

Жылкычынын ыры lyrics

Гүлнур Асанова

0
0

Share:


Асыл тукум мингеним,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.

Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.








GM

Added Lyrics

02.07.2016