Гүлнара Тойгонбаева Мен кыргызмын! lyrics

Мен кыргызмын! Гүлнара Тойгонбаева

0
0

Share:


Lyrics



Керилген бир керме тоодон керегеси,
Көпкөк асман түндүгү да, терезеси.
Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан,
Жерим менин ак боз үйдөй керемети.

[Кайырма]
Кайсы жерден болосуң деп сураба,
Кандай элден экенимди сынаба.
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.

Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм,
Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм.
Ал анткени турпагыңа бутум тийип,
Ата Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм.

[Кайырма]




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

02.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz