Тумарым lyrics

Гүлнара Калдарова

0
0

Share:


Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең, жүрөгүңдө мээрим жок?
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.

Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.

Ар убакта көз алдыма келесиң,
Неге мени тооруп алды элесиң?
Байкасаңчы мемиреген деңиздей,
Сүзүп жүргөн үмүтүмдүн кемесин.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Сүзүп жүргөн үмүтүмдүн кемесин.
Гүлнара Калдарова, Тумарым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016