Ойлойсуңбу? lyrics

Гүлнара Калдарова

0
0

Share:


Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда жаңгактай чагыламын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу,
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?

Кызганамын, мен сени кызганамын,
Кызгангандан айылыңа жүз барамын.
Мени менен жүрөсүң, ал менен да,
Кыянаттык кылдың го махабатка.

Бара албаймын, жаныңа бара албаймын,
Барган менен мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, ызадан ыйлабаймын,
Тилек айтып, өзүмдү кыйнабаймын.

Гүлнара Калдарова, Ойлойсуңбу? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016