Маңдайга жазганымсың lyrics

Гүлнара Калдарова

0
0

Share:


Кирдетип коёмбу деп,
Кичине колум жетсе.
Туу туткан махабатым,
Тура бер күйүп көктө.

[Кайырма]
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың.

Бактыма келген дүйнө,
Бир гана сен деп жүрөм.
Кол жетпес бийигим да,
Бир гана сен деп билем.

[Кайырма]
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың

Үмүттүн ак таңы сен,
Жүрөктүн тапканы сен.
Суранам бир өзүңдөн,
Өтпөсүн өмүр текке.

[Кайырма]
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың.
Гүлнара Калдарова, Маңдайга жазганымсың lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016