Кайда элең? lyrics

Фарида Карбосова

2015

0
0

Share:


Мурунураак жетсем го тилегиме,
Жүрбөйт белем жылынып илебиңе.
Сугун арткан кыздарга урундурбай,
Сени катып алмакмын мен жүрөгүмө.


Жолго чыксаң бирге сен сапарымда,
Бассам бирге жүрөсүң катарымда.
Айтчы деги сезбейсиң оюмдасың,
Жадакалса мен уктап жатаарымда.

Карааныңды көргөнүмдө толкунданам,
Деги кимдер гүлдөргө кол сунбаган.
Айтчы деги кайда элең көрбөдүм го,
Мен селки ай, кезимде солкулдаган?
Фарида Карбосова, Кайда элең? lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

16.02.2016