Элмира Кайып кызы Мендеги сагыныч (0) lyrics

Мендеги сагыныч lyrics

Элмира Кайып кызы

0
0

Share:


Сагындым сизди, сагынган менче болбостур,
Сагыныч мыжып, жүрөктү эркин койбостур.
Сагындым сизди, күз түнөп калган жүзүңө,
Мүнөзү токтоо, күмүш чач менин жан досум.

Сагындым сизди, энесин күткөн баладай,
Сагындым сизди, жашыңыз канча карабай.
Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо,
Менчелик сизди күтпөстүр эч ким тажабай.

Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун,
Сүйгөндү билсе, сүйүүдөн эрийт коргошун.
Сүйүүгө сиздин убакыт жогун билсем да,
Сагындым сизди, сагынып жүрөм, жан досум.






GM

Added Lyrics

06.07.2016