Элмира Кайып кызы Балалык (0) lyrics

Балалык lyrics

Элмира Кайып кызы

0
0

Share:


Балалык балдай таттуу,
Кайрылбай алыс калат.
Алгачкы жазган тамга,
Эсимде аппак барак.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.

[Кайырма]
Эсимде ар дайым,
Эжеке-агайым,
Элесиң маңдайда кетпей турган.
Ак бантик тагынган,
Акыркы кагылган,
Сагындым мектептин коңгуроосун.

Кай жакта болсок дагы,
Аман бол жалпы, курбум.
Жолугуп ар жыл сайын,
Сагыныч оюн кургун.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.
Кайырма






GM

Added Lyrics

06.07.2016