ЭЛЕС тобу Күн чыгышым (0) lyrics

Күн чыгышым lyrics

ЭЛЕС тобу

0
0

Share:


Улам карап туш тарапты элеңдеп,

Айтар сөздү миң кайталап белендеп.

Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,

Анык беле айткан сөзүң келем деп?



Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,

Дарак ырдайт, жалбырагы дирилдеп.

Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,

Салааланып саамай чачың бириңдеп.



Айлап-жылдап, жалгыз сен деп түгөндүм,

Жүрөгүмдүн бардыгына күмөнмүн.

Колду шилтеп. кетип калбас себебим,

Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.






GM

Added Lyrics

06.07.2016