Добр, Руслан Нарынбаев Сенсиз деле жашоом зыңк lyrics

Сенсиз деле жашоом зыңк Добр, Руслан Нарынбаев

0
0

Share:


Lyrics



Кадырымды билбедиң, баркым сезбедиң,
Жесир калган улактай неге кектедиң.
Унутпаймын жалооруп карап турсам да,
Башканын сен колун кармап узап кеткениң.

[Кайырма]
Сенсиз деле жашоом зынк, эй жашап жүрөмүн,
Сенсиз деле өтүүдө менин күндөрүм.
Сенсиз деле күн батып, таңдарым атат,
Сенсиз деле бул өмүрдүн доорун сүрөмүн.

Мейли кетсең кеткиниң, кайра келбегин,
Алоолонгон сүйүүмдү өзүң сезбедиң.
Балким сүйүүм билерсиң анда кеч болот,
Кечир мени мен да сага кайтып келбеймин.


[Кайырма]

Кош бол эми жазбаймын сен деп ырларды,
Кош бол эми тартпаймын сен деп муң-кайгы,
Сүйгөнүм чын, а бирок сүйүүдөн дагы,
Жигит үчүн андан өткөн намыс турбайбы.

[Кайырма]



Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

08.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz