Токто жаным lyrics

Данияр Эрматов

2015

0
0

Share:


Айтылбай дагы сөзүм калды,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?

Кайырма:
Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.

Кайырма:

Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?
Данияр Эрматов, Токто жаным lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Таттыбубу Нурматова

03 2017

Данияр байке сиз азаматсыз сиздин баардык ырыныз мага жагат абдан сонун

GM

Added Lyrics

11.02.2016