Даниель Сүйүү керемет (0) lyrics

Сүйүү керемет lyrics

Даниель

0
0

Share:


Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.

Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.

Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.






GM

Added Lyrics

14.07.2016


shinline.kz