Ойлодуң бекен? lyrics

Дайыр Исмадияров

0
0

Share:


Башкага көңүл бурулбай,
Бал уйкум качат куюндай.
Отурам жалгыз сени ойлоп,
Отурам карек жумулбай.

Атканы калды таң дагы,
А бирок уйкум канбады.
Ойлодуң бекен мага окшоп,
Ойлодуң бекен сен дагы?

Күндөрүм мезгил камчылап,
Билинбей өттү канча убак?
Үмүтүм менин жанымда,
Үлбүлдөйт жалгыз шам чырак.

Муз беле сенин жүрөгүң?
Муңканып ыйлап жүрөмүн.
Мурдатан неге айтпадың,
Сүйгөнү белең бирөөнүн?

Дайыр Исмадияров, Ойлодуң бекен? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

08.07.2016